Бул маалымат райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү тарабынан айтылды.
«Жаңы Орто-Кайынды айылдык аймагы административдик-территориялык реформадан кийин түзүлгөн жана ал төмөнкү айылдарды камтыйт: Вознесеновка, Эркин-Сай, Букара, Тельман, Кум-Арык жана Орто-Кайырма. Калкы 11 875 адамды түзөт. Эми алар 3 млн 490 миң сомго сатып алынган таштанды чыгаргычты пайдалана алышат», - деп билдиришти акимияттын өкүлдөрү.
- Панфилов районунун аймагында төрт айыл өкмөтү жана Каинды шаары жайгашкан.