







Кадамжай районунда, Кара-Добо айылында, жалпы баасы 75 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу аяктады.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган жана Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө болгон.
Жаңы имараттын аянты 1 546 квадрат метрди түзөт. Анда 225 окуучуну кабыл ала турган окуу корпусу, ошондой эле өтүү галереясы жана спорт зал бар.
Эски мектеп 1964-жылы курулганын белгилеп өтүү керек.