Бул спектакль Кыргыз опера жана балет театрынын репертуарындагы эң сүйүктүү спектаклдердин бири болуп саналат, жана бул жолу ал жаңыланган форматта сунушталат. Испаниянын шаарларына гастролго чыгууга даярдык көрүп жаткан балет труппасы жаңы, жаркын жана таасирдүү костюмдарды кыска убакыттын ичинде тигип даярдашты. Бишкектин көрүүчүлөрү театрдын тажрыйбалуу адиси Ирина Валиахметованын жетекчилигиндеги тигүү цехинин чеберчилигин баалай алышат.
"Дон Кихот" спектакли Кыргыз Республикасынын эл артисти жана СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышев тарабынан коюлган.
Башкы ролдордо:
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Сыдыков (Базиль);
- Валерий Разумейко (Дон Кихот);
- Кадыр Токтогулов (Санчо Панса);
- Элес Арыков (Гамаш), Атабек Садыркулов (Эспада);
- Мээрим Султакаева биринчи жолу Китринин ролун аткарат.