Берилген маалыматка ылайык, 2025-жылы төмөнкү подстанциянын кубаттуулугу жогорулатылган:
- ПС 110/10 кВ «Кок-Жар» — трансформатордун жаңыртылышы 25тен 40 мегавольт-амперге;
- ПС 110/10 кВ «Орто-Алыш» — 25тен 40 мегавольт-амперге;
- ПС 110/10 кВ «Алтын-Казык» — 16дан 25 мегавольт-амперге;
- ПС 110/10 кВ «Берлик» — 16дан 25 мегавольт-амперге;
- ПС 110/10 кВ «Водоканал» — 6,3төн 16 мегавольт-амперге.
Модернизациянын натыйжасында жалпы кубаттуулук 146 мегавольт-амперге жогорулатылды. Бул жакшыртуу борбордун тургундарына ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясын камсыз кылууга мүмкүндүк берет, деп баса белгилешти министрликтен.
Учурдагы жылдын аягына чейин дагы эки подстанция модернизацияланат. Бул иштер Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банк ортосундагы келишимдин алкагында жүргүзүлүп, күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган.