Эскерте кетсек, мыйзам 2023-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.
Жаңы өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — мыйзам менен кагылышта болгон балдардын укуктарын коргоону жакшыртуу, ошондой эле алардын ресоциализациясы үчүн жакшы шарттарды түзүү жана альтернативдүү чараларды иштеп чыгуу.
Маалыматтарга ылайык, мыйзам ошондой эле күчүндө турган Кылмыш жана Кылмыш процессуалдык кодекстердеги кемчиликтерди жоюуга, ошондой эле балдарды кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу процессине байланыштуу практикалык маселелерди чечүүгө багытталган.
Мыйзамдын негизги жоболорунун арасында:
- Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланын жашоо шарттарын жана социалдык-психологиялык мүнөздөмөлөрүн баалоо негизинде баланын милдеттеринин тизмесин түзүүгө милдеттүү болот, ошондой эле бул милдеттерди аткаруу мөөнөттөрүн сунуштайт. Бул сунуштар тергөөчү тарабынан баланы кылмыш процессинен чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл алууда эске алынат;
- Кылмыш процессинде чыгаруу келишимин түзүү менен бир мезгилде тергөөчү тарабынан берилүүчү жазуу түрүндөгү эскертүүнү өзүнчө процессуалдык чара катары киргизүү;
- Балдарды кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу боюнча чечимдерди өзгөртүү, узартуу жана жокко чыгаруу маселелериндеги боштукту жоюу, ошондой эле прокурор тарабынан тиешелүү токтомдорду бекитүү мөөнөттөрүн белгилөө;
- Балдарды кылмыш сот өндүрүшүнөн чыгаруу процессине так мөөнөттөрдү белгилөө.