
Башкы прокуратура Аламудун районунда минералдык булактын мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалымат берди. Чүй облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүү учурунда 1998-жылы «Тёплые ключи» дары-дармек комплекси жайгашкан 3,12 га жер участогунун мыйзамсыз түрдө «КС» ЖЧКсына жеке менчикке берилгени аныкталды.
Прокурордук органдардын аракеттеринин натыйжасында, баасы 442,5 млн сомду түзгөн бул жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылды.