
Ведомствонун маалыматына ылайык, тайгак жолдордо коопсуздукту камсыздоо үчүн кум-таш аралашмасы менен себүү иштери жүргүзүлүүдө. Кээ бир райондордо 4төн 6 сантиметрге чейин кар жаады, ал эми айрым ашууларда 5 сантиметрге чейин кар түштү. Иштер түнү-бүгүнү дежурстводо турган тогуз жол бөлүмү тарабынан аткарылууда.


Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун айрым бөлүктөрүндө, тактап айтканда, 273-километрден 319-километрге чейинки Долон ашуусунда, оор жүк ташуучу унаалар үчүн кыймыл убактылуу чектелди. Бул чара тайгак жолдон улам пайда болгон тыгындар менен байланыштуу кабыл алынды. Жеңил унаалардын өтүүсү ачык бойдон калууда.
Жол кызматтары айдоочуларды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырышты: ылдамдыкты ашырбоо, унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөө жана 500 метрден кем эмес аралыкты сактоо.