Текшерүү алкагында төмөнкү объектилер изилденди:
- Алай районунун Гульчо айылындагы метеорология станциясынын кызматтык-турмуштук имараты;
- Сары-Таш айылында жайгашкан экинчи класстагы метеорология станциясы.
Эксперттер долбоордук жана техникалык документацияны анализдеп, имараттардын учурдагы абалын, ошондой эле алардын сейсмостойкулугун баалашты. Иш процессинде чертеждер түзүлүп, конструктивдик элементтер боюнча инженердик анализ жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча курулуш конструкцияларынын абалы тууралуу корутунду даярдалат, ошондой эле объектилерди андан аркы пайдалануу боюнча сунуштар берилет.