
Табигый ресурстар министрлиги өлкөдөгү архарлар жана тоо текелердин популяциясын масштабдуу мониторинг жүргүзүүнүн башталганын маалымдады.
Эсептоо Ысык-Көл облусунда, Узеңгу-Кууш, Ак-Шыйрак жана Ыстык аймактарын камтып башталды. Бул ишке мамлекеттик органдардын адистери жана чет өлкөдөн чакырылган эксперттер катышууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, «Сары-Чат Ээр-Таш» табигый паркында 450дөн 500гө чейин архар катталган, ал эми президенттин аппаратына караштуу Мамлекеттик аңчылык чарбасында 900гө жакын жаныбар бар.
Популяцияны эсептоо 16-декабрга чейин улантылат.