Ат-Башы районунда эки тоо эчкисин атып салган браконьер кармалды

Ирэн Орлонская Жергиликтүү жаңылыктар / Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Ат-Башы районунда эки тоо эчкисин атып алган браконьер кармалды






Нарын облусунун Ат-Башы районунда 29-ноябрда мыйзамсыз аңчылык фактысы катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган райондо Босого жайлоосунда рейд учурунда браконьерлик фактысы аныкталып, Ат-Башы айылында жашаган жаран эки тоо эчкисин мыйзамсыз атып алган.

Бул боюнча шектүү Б.Ш. тууралуу материалдар Ат-Башы РОВДнын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү. Учурда зарыл тергөө иштери жүргүзүлүп, бул кылмышка юридикалык баа берүү иштери жүргүзүлүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: