
Оперативдик маалымат укук бузууну аныктоого алып келди
Ат-Башы районунда тоо текелерин мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы катталды, деп билдирет Табигый ресурстар министрлиги.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын 29-ноябрында Нарын облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери алынган оперативдик маалыматка негизделип рейддик иш-чараларды өткөрүштү.
Рейд учурунда Ат-Башы айылынан Б.Ш. аттуу жаран тарабынан Босого жайлоосунда эки тоо текени (тоо теке) мыйзамсыз атып алуу фактысы аныкталды.
Иш материалдары тергөө аракеттерин улантуу үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлдү.
Сүрөт www