
Мелдеш Алматыда өттү
Алматыда 5-8-декабрь күндөрү өткөн жеңил атлетика мелдешинде Кыргызстандык спортчулар ар кандай даражадагы медалдарды утушту. Бул тууралуу СДЮШОР Сатымкул Джуманазаровдун атындагы мектептен билдиришти.
Мелдешке 120 спортчу катышты, алардын 13ү аталган мектептин жеңил атлетика бөлүмүнөн болушту.
Мелдештин программасына 60 м, 200 м, 400 м, 600 м, 1000 м, 2000 м жана 3000 м аралыкка чуркоо, ошондой эле бийиктикке жана узундукка секирүү, ядро түртүү кирди.
Кыргызстандык спортчулар үйүнө төрт алтын, үч күмүш жана төрт коло медаль менен кайтышты.
Бул мелдештин негизги максаттары болгон:
- физикалык даярдыгы мыкты катышуучуларды аныктоо;
- жеңил атлетиканын популярдуулугун жогорулатуу;
- саламат жашоо образын пропагандалоо;
- спорттук чеберчиликти жакшыртуу.
Иш-чаранын уюштуруучусу Алматы шаарындагы жеңил атлетика федерациясы болду.
Сүрөт www