Бүгүн Бишкекте Соода-өнөр жай палатасынын президиумунун жыйыны өттү.
ТППдан алынган маалыматка ылайык, жыйында эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана палатанын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган бир нече уюштуруу маселелери каралды.
Маанилүү чечимдердин бири — палатанын ар кандай өлкөлөрдөгү жаңы өкүлдөрүн бекитүү болду.
Жыйналыштын натыйжасында төмөнкү өкүлдөр бекитилди:
- Шаньси провинциясы, Кытай — Мусарова Амина
- Гуандун провинциясы, Кытай — Момунов Алишер
- Чжэцзян провинциясы, Кытай — Акматалиев Медербек
- Сауд Аравия Королдугу — Ибраим кызы Назира
- Чикаго шаары, АКШ — Тимур Тиленов
- Пенсильвания штаты, АКШ — Эсенбек Кенжетаев.