
Пакистанда кылмыштар үчүн соттолгон кыргызстандыктар жок
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстанда соттолуп, жаза өтөп жаткан жарандарын Пакистанга өткөрүп берүү боюнча сунушту колдоду.
Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева депутаттарга 2025-жылдын биринчи тогуз айында Кыргызстанга 14 590 пакистандык жаран келгенин, ал эми 15 289 пакистандык өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Учурда консулдук каттоодо 8 681 пакистандык жаран турат.
Анын маалыматы боюнча, аталган мезгилде 2 212 пакистандык ар кандай укук бузуулар үчүн айыпталган. Мындан тышкары, 672 адам өлкөдөн чыгарылган. Учурда Кыргызстанда 28 пакистандык жаза өтөп жатат, алардын бири өмүр бою эркинен ажыратылган.
«Пакистанда эркинен ажыратылган кыргызстандыктар жок экенин белгилеп өтүү маанилүү. Консулдук каттоодо 191 адам бар, алардын көбү пакистандыктарга турмушка чыккан же диний окуу жайларда билим алып жаткан аялдар», — деп кошумчалады Умуткан Конкубаева.
Сүрөт www