Санкт-Петербургдан келген архитектор Ирина Гришечкина, генплан боюнча иштеп жаткан команда мүчөсү, Бишкектеги абанын булгануу деңгээли уруксат берилген нормалардан 3-5 эсе жогору экенин белгиледи.
2014-жылдан 2021-жылга чейин шаардагы жашылдандырылган аймактардын аянты кыйла кыскарган.
Ирригация системасы да олуттуу көйгөйлөргө туш болууда:
- ирригациялык тармактардын 25% ээси жок;
- суу ташууда жоготуулар 20-30% түзөт;
- жер астындагы суулардын деңгээли жылына 0,5-1,2 метрге төмөндөп жатат.