
Оор инциденттер катталган жок
ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жаңы жыл түнүндө республикада оор кылмыштар же укук бузуулар болгон эмес.
Мерекелик иш-чаралар учурунда укук коргоо органдары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышты. Адамдардын көп чогулган жерлеринде, ошондой эле жаңы жылдык майрамдарда укук тартибин сактоого дайыма көзөмөл жүргүзүлдү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 29-декабрдан тартып ИИМ жана Ички аскерлердин жеке курамы күчөтүлгөн кызмат режимине өткөрүлгөн. Ошондой эле милициянын атайын наряддары жана тергөө-оперативдик топтору үчүн 24 сааттык иш алып баруу уюштурулган.
Мамлекеттеги тартипти камсыз кылууга 12 миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылган.
Сүрөт www