3төн 5 жашка чейинки балдар милиция кызматкерлеринин ролун ойноп көрүштү
Жаңы жылдык майрамдар алдында Ички иштер министрлигинин имаратында эң кичинекей коноктор менен жолугушуу өткөрүлдү. 3төн 5 жашка чейинки кичинекей коноктор милиция кызматкерлеринин формасын кийип, бир убакытка милиционер болуп калышты.

Милиция кызматкерлери балдар менен кызыктуу экскурсия өткөрүшүп, балдар өздөрүнүн кыялы менен бөлүшүп, келечекте ким болууну каалаарын айтып беришти. "Балдар ведомствонун өкүлдөрү менен чоң кызыгуу менен сүйлөштү", - деп билдирет маалымат кызматынан.
Иш-чаранын аягында жаш катышуучулар жолугушуунун эскерүүсү катары белектер алышты.
Сүрөт www
