Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыковдун билдирүүсү
Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка ылайык, Кабулда Кыргызстандын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков менен Афганистандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи ортосунда жолугушуу өттү.
«Жолугушуу учурунда тараптар соода, экономика жана инвестициялар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Алар өз ара товар жүгүртүүнүн өсүшүндөгү оң тенденцияларды жана анын мындан ары көбөйүшү үчүн чоң потенциалды белгилешти. Кыргыз тарап соода жана инвестициялар, мамлекеттик жана финансылык кызматтарды санариптештирүү, ошондой эле банктар аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү сунуштарды сунуштады», — деп айтылат пресс-релизде.
Экономика жана соода министрлигинин сүрөтү
