Ала-Тоо борбордук аянтында 15-декабрда иш-чара өткөрүлөт
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, чыныгы жомок атмосферасын жаратуучу кызыктуу программа күтүлүүдө. Сахнада белгилүү артисттер жана элдин сүймөнчүгү болгон аткаруучулар чыгышат.
«Аянтта ошондой эле эс алуу жана көңүл ачуу үчүн кеңири зона уюштурулат: 1500 чарчы метрлик муз аянты, соода түйүндөрү, тамак-аш базары, этнографиялык зона, мастер-класстар, Санта үйү, фото зоналар жана оюн аянтчалары. Баардык каалагандар жакындап келе жаткан Жаңы жылдын атмосферасынан ырахат алып, жакындары менен убакыт өткөрүп, майрамдык сүрөттөрдү тартып, ачык асман алдында концерттен ырахат ала алышат», — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет бардык каалагандарды кышкы жомоктун бир бөлүгү болууга чакырды!
Бишкек мэриясынын сүрөтү
