Республикалык бюджеттен объектти жаңыртуу үчүн 10 миллион сом бөлүндү
Жалал-Абад облусунун Аксый районундагы Атана айылында 1959-жылы курулган маданият үйүнүн капиталдык ремонту аяктады. Бул маалымат курулуш, архитектура жана ЖКХ министрлигинин басма сөз кызматынан алынды.

Берилген маалыматка ылайык, реконструкция иштери ушул жылдын январь айында башталган. Жаңыртуу алкагында имараттын ичинде жана сыртына капиталдык иштер жүргүзүлгөн: бардык жайлар ремонттолгон, электр системасы алмаштырылган, ал эми фасад заманбап стандарттарга ылайык келтирилген.
Жакынкы күндөрдө жаңы маданият үйү расмий түрдө иштеп башташы күтүлүүдө.
