Чет өлкөлөр менен иш алып баруу министрлигинин маалымат кызматы бул окуя тууралуу билдирди.
Ачылыш аземи Риек шаарында өттү.
"Vukovarska 10a дарегинде жайгашкан офис эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууга көмөктөшүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүүгө арналат", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарада Кыргызстандын Унгардагы Чрезвычайный жана Ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков, Риек шаарындагы Кыргызстандын Почеттуу консуласы Боян Шиканич, ошондой эле Хорватиянын чет өлкөлөр жана Европа иштер министрлигинин, Риек мэриясынын, Приморско-Горан жупанатынын администрациясынын өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор болушту.
Сүрөт МИД КР
