
Ал буга чейин Борбордук Азиядагы Американын университетинде иштеген
Расмий жолугушууда Дипломатия академиясынын жаңы ректори Руслан Рахимов жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берди.
МИДдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Рахимов илимий изилдөөлөр жана билим берүү тармагында кеңири тажрыйбага ээ. Ал өткөндө Борбордук Азиядагы Американын университетинде мугалимдик жана башкаруучулук кызматтарды аркалаган, ошондой эле Улуттук илимдер академиясында иштеп, чет өлкөдөгү ар кандай изилдөө жана билим берүү мекемелери менен кызматташкан.
«Дипломаттарды даярдоо боюнча негизги институт катары академиянын өнүгүшү биздин приоритетибиз. Руслан Рахимовдун кесиптик жана эл аралык тажрыйбасы академиянын билим берүү жана илимий мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жардам берет», - деп белгиледи тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жолугушууда.
Сүрөт www