











Бишкектин Первомай районунда жергиликтүү администрация жана Ички иштер башкармалыгы алдын алуу рейдин өткөрүштү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө Туголбай ата көчөсүндө интимдик кызматтарды сунуштаган мыйзамсыз притондун иши аныкталды.
Рейддин натыйжасында үч аялга административдик протоколдор түзүлүп, ошондой эле аларга күчүндө болгон мыйзамдарга ылайык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай коомдук тартипти бузуу боюнча рейддер Первомай районунда туруктуу негизде улантылары белгиленди.