
Курулушчуга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды
Жалал-Абад облусунда объекттин курулушу убактылуу токтотулду, анткени ал зарыл уруксат документтерсиз курулуп жаткан.
Курулуш, архитектура жана ЖКК министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө курулуш объекттерин текшерүү боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Бул текшерүүлөрдүн алкагында облустук архитектуралык-курулуштук контролдоо мамлекеттик департаменти Манас айылында пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «МилДом» ЖЧК курулуш компаниясы Торговая көчөсү, 24 дарегинде тиешелүү уруксаттарсыз иш жүргүзүп жатканы аныкталды. Инспекциянын жыйынтыгы менен акт түзүлүп, объекттеги курулуш токтотулду.
Мындан тышкары, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Курулушчуга курулуш нормалары жана коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгы белгиленди.
Сүрөт www