
Депутат билим алуу баасына чектөө киргизүүнү сунуштады
Жакында финансылар, бюджет жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутат Камила Талиева жогорку окуу жайларындагы контракттык билим алуунун баасын кайра карап чыгуу зарылдыгын көтөрдү.
Ал акыркы эки жылда билим алуу баасы кыйла жогорулаганын жана студенттердин ата-энелери депутаттарга бул боюнча арыздана баштаганын белгиледи.
“Кээ бир ректорлор өтө жогору бааларды белгилешет, ал эми өздөрү чет өлкөдө эс алып, студенттерден алынган каражаттарды колдонушат. Биз айып пулдар жөнүндө маселени талкуулаганбыз, бирок алар өзгөрүүсүз калды”, - деп кошумчалады ал.
Мамлекеттик антимонополияны жөнгө салуу агенттигинин маалыматы боюнча, мамлекеттик көзөмөл алынып салынгандан кийин жогорку окуу жайларындагы билим алуу баасы чындап эле жогорулады, айрым окуу жайларында ал эки эсе көбөйдү.
Сүрөт www