
Спикер Нурланбек Тургунбек уулу бул талкууну баштады
Жакында өткөн парламент жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулу жарандардан жана жергиликтүү курулуш компанияларынан турак жайдын жана тарифтердин бааларынын көтөрүлүшү боюнча Жогорку Кенешке арыздар келип жатканын билдирди.
Ал: «Курулуш жана архитектура министрлиги тарифтерди өз алдынча белгилейт, өкмөт жана Жогорку Кенеш менен макулдашпастан. Бул турак жайдын квадрат метрлеринин кымбатташына алып келет, бул эл үчүн сатып алууну кыйындатат. Ошондуктан, кийинки жумада парламенттик комитет бул маселени терең талкуулап, пленардык жыйынга алып чыгышы керек. Жарандар нааразы, жана тартип орнотууга муктажбыз», — деп белгиледи спикер.
Мындан тышкары, курулуш, архитектура жана ЖКК министри Нурдан Орунтаевдин министрликке караштуу мекемелердин кызматкерлеринин айлык акысы 500 миң сомго чейин жетет деген билдирүүсүнөн кийин коомчулукта нааразычылык пайда болду. Курулуш тармагындагы тарифтердин көтөрүлүшү жана турак жайдын бааларынын өсүшү да жарандардын нааразылыгын жаратат.
Сүрөт www