
Индия эт жана жаныбарлардын экспортун убактылуу токтотту
Nipah вирусунун коркунучу фонуна каршы "Манас" эл аралык аэропортунда инфекциялык контролдун катуу чаралары орнотулду, деп билдирет "Кыргызстандын аэропорттору" акционердик коому.
Бул чаралар инфекциялык оорулардын жайылышын алдын алуу жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.
Аэропортто жүргүнчүлөрдүн дене температурасын реалдуу убакытта өлчөөгө мүмкүнчүлүк берген атайын жабдуулар орнотулду. Бул жабдуулар 2021-жылы киргизилген жана учурдагы эл аралык кырдаалга байланыштуу актуалдуу бойдон калууда.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Индиядан жаныбарлар жана продукцияларды импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизди.
Кыргызстандын коңшулары Тажикстан жана Казакстан да вирус коркунучу менен байланыштуу кошумча коопсуздук чараларын кабыл алышты.
сүрөт www