
ДУМКнын адистери этчілерге жаныбарларга гумандык мамиле кылуунун негиздери менен тааныштырды. Суурулуучу бычак менен бир кыймылда мал союу, трахея, азык түтүгү жана жон терилерди кесүү, ошондой эле канды толугу менен агызуу талаптары сыяктуу маанилүү учурлар талкууланды. Ар бир жаныбар Аллахтын атын атап союлуусу маанилүү.
ДУМКнын сүрөтү
Ошондой эле санитардык нормаларды сактоого, анын ичинде жайларда тазалыкты, инструменттердин стерилдүүлүгүн жана этти туура сактоону камсыздоого көңүл бурулду.
Жарандык ишмер Дуйшон Абдылдаев жаныбарларга карата зомбулук үчүн жазалар каралганын белгиледи.
Мал базарынын жетекчилиги союу жана санитария шарттарын жакшыртуу пландары жөнүндө маалымдады. Этчілерге маалыматтык буклеттер тапшырылды, ал эми аймакта шариат боюнча союу эрежелерин камтыган баннер орнотулду.