
Ата-энелердин дарылоо процедураларынан баш тартуу учурлары да көбөйдү
Кыргызстанда балдар арасында онкологиялык оорулардын өсүп жаткан тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу Омбудсмен институтунун өкүлдөрүнүн Улуттук энелер жана балдар борборунун балдар онкология бөлүмүнүн дарыгерлери менен болгон жолугушуусунда маалым болду.
2025-жылдын аягында стационарда 60тай кичинекей бейтап жаткан. Дарыгерлер жаңы учурлар боюнча статистиканын жыл сайын өсүп жатканын белгилешти. Мисалы, 2014-жылы 70 жаңы учур катталса, 2023-жылга карата бул сан 200дөн ашып кеткен.
«Эң көп таралган диагноздорго курч лимфобласттык лейкоз, мээнин шишиктери, нейробластомалар жана нефробластомалар кирет. Оорулардын санынын өсүшү реалдуу оорулуулуктун өсүшү менен гана эмес, диагностикадагы прогресс менен да байланыштуу», — деп түшүндүрүштү институттун адистери.
Мындан тышкары, дарыгерлер ата-энелердин балдарын дарылоодон баш тартуусунун өсүп жаткандыгы боюнча тынчсыздануусун билдиришти.
«Көпчүлүгү медициналык мекемелерге ишенбейт жана финансылык кыйынчылыктарга туш болушат. Көп учурда диний себептерден улам молдо жана элдик дарыгерлерге кайрылышат. Бизде лейкоз менен ооруган баланын ремиссиядан кийин ата-энелери тарабынан алынып, альтернативдүү дарылоо ыкмаларына өткөрүлгөн учур болгон. Бир жылдан кийин оору кайрадан пайда болуп, бала каза болду», — деп бөлүштү адистер укук коргоочулар менен.
Сүрөт www