
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаев катышуучу өлкөлөр үчүн бирдиктүү валютаны киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча пикирин бөлүштү. Анын комментарийлери РИА Новостида жарыяланды.
Ермекбаев учурда ШКУнун күн тартибинде бирдиктүү валютаны түзүү маселеси жок экенин белгиледи. Негизги көңүл катышуучу өлкөлөрдүн муктаждыктарын эске алчу жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшчү ийкемдүү жана көп түрдүүлүк системасын иштеп чыгууга бурулган.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Россиянын президенти Владимир Путин да БРИКС алкагында бирдиктүү валютаны түзүү маселеси каралбай турганын билдирген. Ал мындай процесс акырындык менен жүрүшү керек экенин, олуттуу катачылыктардан качуу үчүн маанилүү экенин баса белгилеген.