"Саякат системасы өзгөрөт: кээ бир учурларда бир жерден экинчи жерге жетүү үчүн алмашуу талап кылынат", - деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, жол кирени төлөө үчүн жаңы схема киргизилет. "Алмашуулар бар болсо да, жүргүнчүлөр үчүн бир сааттын ичинде бирдиктүү тариф иштейт", - деп кошумчалады Бейшенбаев.
"Тулпар" картасынын жардамы менен жүргүнчүлөр 60 мүнөт ичинде эки же андан көп алмашууларды бир жолу жасап, 17 сомдон ашпаган сумма төлөй алышат."Оптималдаштыруу маршруттук тармакты толук жаңыртууну жана транспорттун күтүүсүн кыскартууну камтыйт. Бардык өзгөрүүлөр жергиликтүү тургундар жана борбордун коноктору үчүн ыңгайлуулукка ылайык киргизилет жана жакында боло турган жол иштерине синхрондоштурулат", - деп түшүндүрдү ал.