Конкурс бир нече багыттарды камтыйт:
- дебюттук фильмдер;
- арт-хаус (автордук) фильмдер;
- тарыхый тасмалар;
- ко-продукциялык долбоорлор.
Конкурска Кыргызстандын аймагында катталган юридикалык жактар, анын ичинде продакшн-студиялар жана чыгармачылык бирикмелер катыша алышат. Каралууга кабыл алынган сценарийлер кыргыз тилинде жазылып, «американка» форматына ылайык түзүлүшү керек.
Иштер он критерий боюнча бааланат, алардын арасында идеянын оригиналдуулугу, сюжеттин структурасы, каармандардын өнүгүшү, көркөм деңгээли, тил нормаларына ылайыктык жана автордук индивидуалдуулук бар.
Арзыган арыздарды тапшыруу мөөнөтү 17-июлда аяктайт.