
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучулар жана жеңүүчүлөр үчүн сыйлык атрибутикасынын дизайнын иштеп чыгуу максатында конкурс башталганын жарыялады.
Конкурстун максаттары
Негизги тапшырма — медалдардын, дипломдордун жана сертификаттардын эң оригиналдуу дизайнын аныктоо, ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бекитилген Бренд-букка жана мындай салтанаттуу иш-чараларга коюлган талаптарга жооп бериши керек.
Сыйлыктардын дизайнына коюлган талаптар
Дизайн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн медалдарды, дипломдорду жана сертификаттарды камтышы керек. Конкурска катышуучу сунушталган долбоордун автору болушу керек. Эскиздер электрондук түрдө жана кагазда кабыл алынат.
Бардык иштер бир комплект үчүн зарыл болгон материалдар жана кызматтардын эсептери менен коштолушу керек.
Бирдиктүү стилди катуу сактоо, так аткаруу жана түстөрдүн гармониялуу айкалышы. Улуттук символика жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын колоритин чагылдырган элементтердин болушу. Ар бир эскиз төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Медалдын эки жагын сүрөттөө.
- Дипломдордун жана сертификаттардын сүрөттөрү.
- Дизайн концепциясынын сүрөттөмөсү (бир беттен ашпашы керек).
- Медалдарды, дипломдорду жана сертификаттарды технологиялык өндүрүү мүмкүнчүлүгү.
Конкурсту өткөрүүнүн этаптары
Катышуу үчүн арыздар ушул жылдын 10-февралына чейин кабыл алынат. Конкурс бир этапта өтөт: берилген эскиздер жана сүрөттөмөлөр боюнча. Комиссия сунушталган моделдерди белгиленген критерийлер боюнча баалайды.Иштерди баалоо критерийлери
Сунушталган идеянын оригиналдуулугу жана креативдүүлүгү. Темага жана жогорудагы талаптарга ылайык келиши. Аткаруунун көркөмдүк жана эстетикалык сапаты. Визуалдык образдын эстетикасы жана бүтүндүгү. Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар алышат, ал эми биринчи орун үчүн сумма 100 000 сомду түзөт.
Эң мыкты иштер расмий иш-чараларда колдонууга сунушталышы мүмкүн. Автордук укуктар Дирекцияга өткөрүлөт, жана аларды колдонуу авторлордун макулдугу менен гана мүмкүн.
Байланыш маалыматтары:
Кыргыз Республикасы, Бишкек, Тоголок Молдо көчөсү, 17
Комиссиянын катчысы: Чынаева Лаура +996 500 059 311
[email protected]