Иштеп чыгуу шарттары
Максат: уникалдуу жана стильдүү параддык кийим дизайнын табуу, ал улуттук маданиятты жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын чагылдырса, ошондой эле заманбап ыңгайлуулук жана салтанат талаптарына жооп берсе.Кимдер катыша алат: дизайнерлер, модельерлер, кийим искусствосунун сүрөтчүлөрү жана автордук иштеп чыгуу менен чыгармачылык топтор.
Дизайнга коюлган талаптар:
- Экипировка параддык форманын толук комплектинен турушу керек: баш кийим, жогорку кийим, эркектер үчүн шым жана аялдар үчүн көйнөк;
- Дизайн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасынын элементтери менен улуттук стилде иштелип чыгышы керек (бекитилген бренд-китепке ылайык);
- Колдонулган материалдар негизинен табигый (жүн, пахта, лен, жибек), ыңгайлуу жана коопсуз болушу керек;
- Бардык иштер материалдардын жана кызматтардын баасын эсептөө менен коштулушу керек.
Конкурсту өткөрүү тартиби
Катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 17-ноябрына чейин кабыл алынат. Конкурс эки этапта өткөрүлөт:- Биринчи этап - концепциянын сүрөттөмөсү менен тандоо эскиздери;
- Экинчи этап - эркектер жана аялдар экипировкасынын даяр үлгүлөрүн сунуштоо.
Иштерди баалоо критерийлери:
- Оригиналдуулук жана көркөм аткаруу;
- Конкурстун темасына жана талаптарына жооп берүү;
- Материалдардын жана аткаруунун сапаты;
- Эстетика жана образдын бүтүндүгү.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо
Конкурстун жеңүүчүлөрү сертификаттар жана акчалай сыйлыктар алышат:- 1-орун - 150 000 сом;
- 2-орун - 100 000 сом;
- 3-орун - 80 000 сом.
Байланыш маалыматтары:
- Дарек: Тоголока Молдо көчөсү, 17 (Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция).
- Телефон: 0500 05 93 11, Лаура Чынаева.
- Электрондук почта: [email protected].