
Кыргыз Республикасынын улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү жана сыйлыктарын алган адамдар үчүн сыйлыктарды дизайнын иштеп чыгуу максатында конкурс жарыялайт.
Конкурстун максаты медалдардын, дипломдордун жана сертификаттардын эң оригиналдуу дизайнын тандоодо, алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын рухун жана символикасын чагылдырууга, ошондой эле бекитилген бренд-китепке жана жогорку салтанат стандарттарына жооп берүүгө тийиш.
Кимдер катыша алат:
Конкурсқа чыгармачылык адистер: дизайнерлер, сүрөтчүлөр, графикалык жана өнөр жай дизайнерлери, ошондой эле автордук иштерге ээ студенттер катышууга чакырылат.
Иштерге коюлган негизги талаптар:
- Эскиздер медалдардын, дипломдордун жана сертификаттардын алдыңкы жана арткы беттерин камтуусу керек;
- Иштер бирдиктүү стильде, улуттук маданиятты чагылдырган түстөрдүн жана элементтердин гармониялуу айкалышы менен аткарылышы керек;
- Бардык сунушталган дизайндары автордук болушу керек;
- Эскиздер электрондук жана/же басма форматта концепциянын сүрөттөмөсү (1 бетке чейин) жана өндүрүш чыгымдарын эсептөө менен сунушталууга тийиш;
- Проект технологиялык өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн эске алышы керек.
Иштерди баалоо критерийлери:
- Идеянын оригиналдуулугу жана креативдүүлүгү;
- Темага жана конкурс талаптарына жооп бериши;
- Сүрөтчүлүк жана эстетикалык аткарылышы;
- Образдын бүтүндүгү жана билдирүүлүгү.
Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар алышат:
I орун – 100 000 сом;
II орун – 80 000 сом;
III орун – 50 000 сом.
Тандалган иштер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий церемонияларында пайдаланууга сунушталат.
Тандалган дизайндары боюнча автордук укуктар улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекцияга өтөт.
Байланыш маалыматтары:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Тоголок Молдо көч., 17
Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция
Байланыш телефону: +996 500 059311 (Лаура Чынаева).
Электрондук почта: [email protected]