
Министрликтин сүрөтү
Бул корутундулар курулуштардын сейсмоустойчивдугун тастыктоочу документ болуп саналат, ошондой эле долбоордук чечимдердин белгиленген коопсуздук стандарттарына жана күчүндө болгон техникалык нормаларга ылайык келүүсүн камсыз кылат.
Институттун адистери ар кандай типтеги объекттер үчүн — турак жай имараттары жана социалдык, коомдук курулуштарды камтыган — деталдуу текшерүүлөрдү жана эсептик анализдерди жүргүзүштү. Ар бир объект үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын натыйжасында расмий техникалык корутундулар түзүлдү.
Министрликте техникалык корутундунун болушу жаңы курулуш, реконструкция же капиталдык ремонт үчүн зарыл шарт экендигин баса белгилешет. Бул документ имараттардын техникалык абалын баалоого, колдонуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга жана курулуш иштеринин сапатын жакшыртууга жардам берет.