
Закон долбоорунун максаты — калктын саламаттыгын жана өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстандын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы/Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкы ортосундагы «Бирдиктүү саламаттык» долбоорун каржылоо жана гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун карашты. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты — адамдардын жана жаныбарлардын саламаттыгын жакшыртуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого көмөктөшүү.
Долбоор зооноздук инфекциялар менен күрөшүү, антимикробдук дары-дармектерге туруктуулукту алдын алуу жана тамак-аштын коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу негизги багыттарды камтыйт.
Келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасында «Бирдиктүү саламаттык» Программасынын алкагында «1-фаза» долбоорун ишке ашыруу үчүн 30 миллион доллар кредит жана 1,79 миллион доллар грант бөлүнөт.
Кредиттик каражаттар 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдик мезгили менен жана нөл пайыздык ставкага берилет.