





Жаңы мекеме, заманбап эки кабаттуу балдар бакчасы, Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Анын жалпы аянты 3 467 квадрат метрди түзөт жана 250 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Имаратта гимнастика, логопед жана контакттык зоопарк үчүн кабинеттерди камтыган окуу класстары каралган. Проекттин негизги максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна, тарбиялануусуна жана социалдык адаптациясына шарт түзгөн мектепке чейинки билим берүү мекемесин түзүү, ошондой эле инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү», — деп айтылат маалыматта.