Долбоорго ылайык, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сыйлыктардын төмөнкү категориялары негизделет:
- жогорку мамлекеттик сыйлык – "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры";
- өзгөчө мамлекеттик сыйлык – "Эмгек Баатыры".
- орден "Манас" I даражасы;
- орден "Манас" II даражасы;
- орден "Манас" III даражасы;
- орден "Курманжан Датка";
- орден "Эрдик";
- орден "Данк";
- орден "Достук";
- орден "Баатыр эне".
- медаль "Ардак";
- медаль "Эне данкы".
- "Кыргыз Республикасынын эл мугалими";
- "Кыргыз Республикасынын эл врачы";
- "Кыргыз Республикасынын эл артисти";
- "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";
- "Кыргыз Республикасынын эл акыны";
- "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";
- "Кыргыз Республикасынын жаратманы";
- "Кыргыз Республикасынын сыймыгы".
Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунун алдын ала версиясында мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар жана премиялардын жалпы санын 48ден 20га чейин кыскартуу сунушу болгон. Анын ичинде "Эл артисти", "Эл жазуучусу", "Эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын жаратманы" жана "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" сыяктуу ардактуу наамдарды алып салуу пландалган, бул парламентте эң курч талкууларды жараткан.