Улуттук статистика комитети буга чейин бул акциянын негизги максаты өлкөдөгү айыл чарба абалы жана структурасы тууралуу толук, объективдүү жана так маалыматтарды жыйноо экенин белгилеген.
Жыйналган маалыматтар эффективдүү агрардык саясатты түзүү, азык-түлүк коопсуздугун колдоо жана айылдык аймактардын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү инструмент болуп калат.
Каттоо бир катар негизги көрсөткүчтөр боюнча так маалымат алууга мүмкүндүк берет, анын ичинде:
- ар кандай менчик формасындагы айыл чарба ишканаларынын жана чарбаларынын саны жана структурасы;
- айыл чарба продукциясынын ар түрдүүлүгү жана көлөмдөрү;
- колдонула турган жер, эмгек жана материалдык ресурстар;
- жануарлар жана үй канаттууларынын саны;
- фермердик чарбаларды уюштуруу өзгөчөлүктөрү жана механизация деңгээли.
Каттоонун аякташы 2026-жылдын апрель айына пландалган.