
2026-жылдын 24-мартынан баштап Бишкекте Жибек Жолу проспектунун түштүк бөлүгү, Кулиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин, автоунаа кыймылы үчүн жабылат. Бул маалымат мэриянын маалымат кызматы тарабынан берилди.
«Жибек Жолу проспекти боюнча Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо» долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн участкеде диаметри 600 миллиметр болгон канализациялык коллектор орнотулат.


Муниципалдык ишкана «Бишкекводоканал» шаардыктарды жана борбордун конокторун убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана маршруттарын алдын ала ойлонууга чакырды.