
Бул Борбордун түзүлүшү улуттук деңгээлде киберкоопсуздукту күчөтүүгө жана өлкөнүн санариптик инфраструктурасын коргоого багытталган. Уюмдун негизги милдети санариптик суверенитетти камсыз кылуу жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
Борбор мамлекеттик органдар үчүн программалык жана программалык-аппараттык чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле алардын сертификатталуусу жана колдоосу менен алектенет. Анын милдеттерине киберкоркунучтарды мониторингдөө, аларга жооп берүү, маалыматтарды коргоо технологияларын түзүү, ар кандай ведомстволордун ишин координациялоо жана маалыматтык коопсуздук боюнча адистерди даярдоо кирет.
Жаңы имарат заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен жабдылган, бул адистерге кибератакаларга тез жооп берүүгө жана негизги санариптик кызматтардын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Ачылыш салтанатына ошондой эле МУККнын ардагерлери жана ар кандай мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү катышты.
Бул кадам мамлекеттин жарандар, бизнес жана мамлекеттик мекемелер үчүн коопсуз санариптик чөйрөнү түзүү боюнча приоритетин баса белгилейт.