
Бул "Күчтүү жаштар - күчтүү өлкө!" долбоору ЮНИСЕФ тарабынан Европа Бирлигинин финансылык колдоосу менен уюштурулду. Ишке ашыруучу катары Жергиликтүү медиа ассоциациясы, ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги иш-чараны өткөрүүдө өнөктөш болду.
Иш-чаранын катышуучулары үч күн бою жарандык катышуу, гендердик теңдик, инклюзия жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу заманбап маанилүү темаларды камтыган билим берүү жана практикалык сессияларга катышышты.
Bootcamp учурунда жаштар төмөнкү тармактарда көндүмдөрдү алышты:
медиа жана маалымат грамоталуулугу, ошондой эле критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;мобилдик журналистика — социалдык тармактар үчүн смартфондо видео контент түзүү жана монтаждоо;контент түзүү жана соцмедиа боюнча стори telling.
Иш-чаранын программасы интерактивдүү викториналарды, практикалык тапшырмаларды, мастер-класстарды жана эл аралык уюмдардын, парламенттин жана мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү менен жолугушууларды камтыды. Мектеп окуучулары ЮНИСЕФ, Европа Бирлиги, ар кандай министрликтер жана Жогорку Кеңештин депутаттарына суроолорду берүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болушту.
Bootcamp аяктаган соң, катышуучулар сертификаттар менен сыйланышып, мектеп медиа борборлорун өнүктүрүүгө багытталган ментордук колдоо жөнүндө маалымат алышты.
Бул инициатива активдүү, жооптуу жана медиа грамоталуу жаштарды колдоо максатын көздөйт, алар коомдун жана өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошууга даяр.