Ачылыш аземи Чингиз Айтматов атындагы лицейде өттү, деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.
Министрдин орун басары Надира Жусупбекова олимпиадалык мелдештер эң мыкты катышуучуларды аныктоого багытталганын баса белгиледи.
«Силердин аракеттериңер жана туруктуулугуңар силерди бул жерге алып келди. Ар бириңер жеңүүчү болуп саналасыздар. Мен ишенем, силер мыкты жетишкендиктерди көрсөтөсүңөр. Силер — биздин өлкөбүздүн келечеги, илим жана билимдин өнүгүшүнө салым кошчу жаш муунсуздар. Бардыгыңыздарга ийгилик каалайм, эң күчтүүлөр жеңсин!» — деди ал.
Бул республикалык этапка облустук жана шаардык олимпиадаларда сыйлык алган 330 мектеп окуучусу катышууда.
Олимпиада төмөнкү билим берүү мекемелеринде өтүүдө:
- Чингиз Айтматов атындагы лицей — математика, физика, тарых, информатика, география;
- «Айчүрөк» лицейи — кыргыз, орус жана англис тилдери;
- Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — химия жана биология.
Мелдештер эки күнгө созулат, ал эми 30-мартта жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтөт.