Ат-Башы районунда Апрель революциясынын баатырларын эскеришти

Сергей Мацера Жергиликтүү жаңылыктар / Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram
Ат-Башы районунда 16-апрель элдик революциясынын 16-жылдыгына арналган митинг-реквием өттү, деп маалымдайт Turmushтун кабарчысы.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, уюмдар жана ишканалардын жетекчилери, апрель окуяларынын катышуучулары, ошондой эле каза болгон баатырлардын жакындары чогулду.

Элдик революция учурунда өмүрүн бергендерге арналган эстеликтин жанында гүл чамбарлар коюлуп, эскерүү намазы окулду.

2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында каза болгон 87 адамдын арасында бешөө — Канатбек Чыңгышов, Нурлан Бейшеев, Кудаш Абдылдаев, Марат Казиев жана Эрлан Омүралиев — Ат-Башы районунан болгон. Бул райондон жалпы 26 адам көтөрүлүшкө катышкан.

Объектилер
Спутник
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: