Маалыматка караганда, 6-апрелде жоголгон баланын энеси милицияга кайрылып, уулу 4-апрелде саат 18:00 чамасында үйдөн чыгып кеткенин жана ошол убактан бери анын кайда экендиги белгисиз экенин билдирген.
Бул окуя Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын каттоо журналында катталган.

Бишкекте 16 жаштагы Санжар Нурлановду издеп жатышат.
Санжардын белгилери: бою 165-170 см, кыска кара чач. Жоголгондо ал кара көк футболка, сары шым жана ак кроссовка кийип жүргөн.
Эгер кимде-кимде анын кайда экендиги тууралуу маалымат болсо, +996 500 10 07 96 же 102 номерлери боюнча байланышууга сураныч.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан активдүү издөө иштери жүргүзүлүүдө.