В Кыргызстанда эркек аялга айланды жана ГУ «Кызмат» ПИН алмаштырууну карап жатат
ГУ «Кызмат» эркек киши тарабынан аялга айлануу боюнча берилген өтүнүчтү карап жатат. Бул тууралуу парламенттин профилдик комитетинин жыйынында директордун орун басары Эрнес Досалиев билдирди. Жогорку Кенештин илим, билим берүү жана башка маселелер боюнча комитетинин күн тартибинде Кыргызстандын жарандарынын милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн персонификацияланган эсепке алуусуна байланыштуу мыйзам долбоору турган.