


Бишкекте курулуш уюму 200 миң сом айыпка жыгылды, бул тууралуу Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
18-январда курулуш министри Нурдан Орунтаев мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролунун инспекторлору менен биргеликте борбордогу бир нече курулуш объектилерин текшерди, андан кийин өлкөдөгү бардык курулуш аянтчаларында рейддер өткөрүү боюнча буйрук берди.
Текшерүү учурунда Бишкек ш., Табалдиев көчөсү, 29 дарегиндеги 4 кабаттуу медициналык борбор каралды. Инспекция учурунда техникалык регламенттерди жана долбоорлоо менен курулуштагы башка нормаларды бузуу сыяктуу олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.
Бул мыйзам бузуулар натыйжасында «Палладий Групп» ЖЧКсына 200 000 сом айып салынды, ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук берилди.
Министрликте бардык курулуш компанияларын жана жеке ишкерлерди мыйзам талаптарына, нормаларына жана эрежелерине так сакталышына чакырды, жарандардын коопсуздугун жана техникалык регламенттердин сакталышын камсыз кылуу үчүн.