


Рейддин алкагында Табалдиев көчөсүндөгү 29-номердеги төрт кабаттуу медициналык борбордун курулушу текшерилди. Текшерүү учурунда долбоорлоо жана курулуш боюнча олуттуу бузуулар, ошондой эле бир катар күчүндө болгон нормативдик актыларга ылайык келбегендиктер аныкталды.
Инспекциянын жыйынтыгы боюнча «Палладий Групп» 200 миң сомго айып пулга жыгылды жана компанияга бардык аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилди.