Баткен шаарында наркотиктерди талдоо үчүн химиялык лаборатория ачылды
Баткенде наркотиктерди талдоо үчүн химиялык лаборатория ишин баштады, деп билдирет Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын октябрь айында облустук ички иштер башкармалыгынын экспертиза-криминалистикалык кызматынын иши кеңейтилип, жаңы лаборатория ачылган.